Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:23

Путин президенттик шайлоого катышарын жарыялады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти көптөн бери күтүлгөн жарыяны бүгүн Нижний Новгород шаарында ГАЗ автомобиль заводунун жумушчулары жана ардагерлери менен жолугушуу учурунда жасады.

“Колдогонуңар үчүн ырахмат. Мен өз талапкерлигимди Орусия Федерациясынын президентинин кызматына көрсөтөм”, - деди Путин.

Анын азыркы президенттик мөөнөтү 2018-жылдын 7-майында аяктайт.

Ал эми Орусиянын алдыдагы президенттик шайлоосу 2018-жылдын 18-мартына белгиленген. Эгер бул шайлоодо жеңип чыкса, Путин өз президенттигинин төртүнчү мөөнөтүнө киришип, 2024-жылга чейин бийликте турууга мүмкүндүк алат. (UE)

XS
SM
MD
LG