Москва АКШ президенти Доналд Трамптын Иерусалимди Израилдин башкалаасы катары таануу боюнча чечимин катуу сындап, "бул кадам Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды татаалдаштырды жана эл аралык коомчулуктун ажырымын пайда кылды" деп билдирди.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия менен Түркиянын президенттери бул маселени талкуулашаарын 7-декабрда айтты.
Буга чейин АКШнын Германия, Британия, Сауд Арабиядан баштап Евробиримдикке чейинки өнөктөштөрү бул кадамды айыптап, эми чөлкөмдөгү тынчтык сүйлөшүүлөрү кыйынчылыкка учурай тырганын билдиришкен. 6-декабрдагы жарыяны Израил гана “адилет жана тайманбас” деп кубаттады.
Палестинанын президенти Махмуд Аббас АКШ эми тынчтык процессинде арачы боло албасын белгиледи.
"Хамас" тобу бейшембиде Израилге каршы жаңы көтөрүлүшкө, мусулмандарды 8-декабрда демонстрацияларды өткөрүүгө чакырды.
Ал эми Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы күрөшүп келаткан шиийлердин кошууну Трамптын чечими “Ирактагы америкалык күчтөргө сокку урууну мыйзамдаштыраарын” билдирди.
БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш болсо "Израил менен Палестинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн келечегине коркунуч келтирген бир тараптуу чараларга каршы экенин" билдирди.