Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Кыргызстан Зимбабве менен дипломатиялык алака түздү


Зимбабвенин борбору Хараре шаары.
Зимбабвенин борбору Хараре шаары.

Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда дипломатиялык алака түзүлдү. Тиешелүү коммюникеге эки өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлдөрү Миргүл Молдоисаева жана Мусивава Макамуре Шава кол койду.

Коммюникеде эки өлкөнүн эгемендигин өз ара таанып, эл аралык укуктун негизинде кызматташтык жүргүзүү каралган.

Бул кол коюудан соң эки өлкө өкүлдөрү кызматташтык боюнча сүйлөшүү өткөрдү.

Зимбабве - Африканын түштүгүндөгү өлкө. Жакында эле армия бул өлкөнү 37 жыл бою башкарган Роберт Мугабени кызматтан кетишин талап кылган. Импичмент процесси башталгандан кийин Мугабе 21-ноябрда иштен кетип, жаңы президент ишин баштаган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG