Линктер

жекшемби, 27-май, 2018 Бишкек убактысы 19:43

БУУ: Украинанын чыгышында гуманитардык кризис тереңдеп баратат


Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардун ортосундагы куралдуу кагылышуулар 2014-жылы башталган.

Улуттар Уюму Украинанын чыгышында гуманитардык кризис тереңдеп баратканын билдирип, учурда эки миллиондон ашуун киши тамак-аш, дары-дармекке муктаж экенин кабарлады. 8-декабрда өткөрүлгөн маалымат жыйынында уюмдун өкүлдөрү гуманитардык жардамга 187 миллион доллар бөлүүгө чакырышты.

БУУнун Украинадагы координатору Ник Уокердин айтымында, бул кризис коңшу мамлекеттерге да жайылып кетиши мүмкүн:

- Эң жөнөкөй мисал: өлкө чыгышында кургак учуктун дарыны тоготпогон түрүнө жана ВИЧке чалдыккандардын саны өсүп жатат. Шал оорусу да катталды. Мунун бардыгы Европанын жүрөгүндө болуп жатат жана бул кризистен качкандардын баары кайда барбасын илдеттерди андан ары жайылтышы мүмкүн. Жыйынтыктар күткөндөн да оор болушу ыктымал.

Ник Уокер кошумчалаганадай, кризистин тереңдешине уюмдун гуманитардык жардамга керектүү каражатты таба албай жатканы да себеп болууда. 2014-жылдын апрелинде Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардун ортосунда башталган куралдуу кагылышууларда он миңден ашуун жайкын тургун курман болду.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG