Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:55

Киевде Михаил Саакашвили кармалды


Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили 8-декабрда кечинде кармалды. Маалыматты "Азаттык" радиосунун украин кызматына Жогорку Раданын депутаты Антон Геращенко жана Саакашвилинин санаалаштары тастыкташты.

Баш прокурор Юрий Луценко ал убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди. Баш коргоо чарасын сот аныктайт.

5-декабрда прокуратура Саакашвилиден 24 саат ичинде полицияга багынып берүүнү талап кылган. Бирок экс-губернатор камакка алууга каршылык көрсөтөрүн билдирген. Ага чейин Украинанын Улуттук коопсуздук кызматы Саакашвилини Киевдеги батиринен кармаганда, аны жактоочулары бир нече саатка созулган тирешүүдөн кийин күч менен бошотуп кетишкен.

Саакашвили "кылмыш кылууга аракеттенген, адамдардын тобу менен кылмыштуу иштерге атайлап катышкан, кылмыштуу уюмга жардам берген жана анын кылмыш иштерин жашырган" деп айыпталып жатат.

Грузиянын мурдагы президенти азыр Украинада “Жаңы күчтөрдүн руху” деген саясий партияга жетекчилик кылат.

Президент Петро Порошенко 2015-жылы Саакашвилини Одесса облусунун губернатору кылып дайындаганда ага украин жарандыгын берип, бирок өзүнө каршы чыккандан кийин быйыл жарандыктан ажыратып салган.

XS
SM
MD
LG