Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Орусияга карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү протоколго 20-июнда Москвада мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда кол коюлган. Муну менен өлкөнүн Орусияга 240 миллион доллар карызы жоюлары айтылган.
Протоколду Жогорку Кеңеш 2-ноябрда жактырган.
Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылы Кыргызстандын жалпы карызынын суммасы 488,9 миллион доллар болчу. 2012-2013-жылдардагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусия 2013-жылы карыздын 188 миллион долларын кечкен. Калган 300 миллион доллар 10 жылга созулган мөөнөттө кыскартылат деген негизде келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 2016-2017-жылдары 300 миллиондон 60 миллион доллар кыскарып, жыйынтыгында 240 миллион доллар карыз калган.