Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Вице-спикерликке төрт талапкер көрсөтүлүүдө


Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, 12-декабрда бул комитет оппозициялык фракциялардын спикер орун басарлыгына көрсөткөн талапкерлерин карайт.

Маалыматка караганда, “Ата-Мекен” фракциясы вице-спикерлик орунга Сайдулла Нышановдун, “Өнүгүү-Прогресс” Мирлан Бакиров менен Тазабек Икрамовдун, “Республика – Ата-Журт” Курманкул Зулушевдин талапкерлигин көрсөтүп жатат.

6-декабрда буга чейинки вице-спикер Алтынай Өмүрбекова кызматынан өз каалоосу менен кеткенин жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG