Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 01:28

Экс-президент Роза Отунбаева “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин абалынан кабар алды. Бишкектеги №47 абакка барган Отунбаева жолугушуудан соң Текебаевдин абалы жакшы экенин журналисттерге билдирди:

- Биз бир топ нерселерди сүйлөшүп алдык. Мен Кытайга барып келгенимди, ал жакта партиялардын жыйыны боюнча айтып бердим. Ал эми өзү ден соолугу жакшы экенин, камак шартына дооматы жок экенин билдирди.

21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.

Бул арада "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылганы жатышат. (BzA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG