Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:43

Стамбулдагы чабуул боюнча айыпталган Машариповдун соту башталат


Түрк прокуроролору Машариповту ар кандай айыптар боюнча 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратууну суранышкан. 
Түрк прокуроролору Машариповту ар кандай айыптар боюнча 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратууну суранышкан. 

2017-жылдын 1-январында Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салуу боюнча айыпталып жаткан Абдулкадыр Машариповдун соту 11-декабрда башталат. Процесс Стамбулдагы Силиври түрмөсүндө күчөтүлгөн коопсуздук шарттарында өтөрү маалым болду.

Түрк прокуроролору Машариповту ар кандай айыптар боюнча 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратууну суранышкан.

Машарипов бир нече оор кылмыш боюнча айыпталууда. Алардын арасында 39 адамды өлтүрүүгө катышкан, конституциялык түзүлүштү өзгөртүү, теракт уюштуруу жана курал-жаракты мыйзамсыз сактоо бар.

Машариповдон тышкары түнкү клубга кол салууга тиешеси бар катары 57 киши айыпталып жатышат. Алардын арасында Машариповдун жубайы Зарина Нуруллаева да бар.

Абдулкадыр Машарипов быйыл 16-январда 17 күнгө созулган атайын операциянын алкагында кармалган. Түнкү клубдагы чабуул үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчиликти өз мойнуна алган.

"Anadolu" агенттиги маалымдагандай, Абдулкадыр Машарипов Өзбекстандын Кокон шаарында туулуп-өскөн.

1-январда Түркиянын Стамбул шаарындагы "Рейна" түнкү клубундагы кол салууда 39 киши өлүп, 70ке чукулу жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG