Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Путин Сирияга күтүүсүздөн барды


Орусиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу.

Орусиянын президенти Владимир Путин 11-декабрда Сириядагы "Хмеймим" аскердик базасына күтүүсүз барды. Путинди Сириянын президенти Башар Асад, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу баш болгон делегация тосуп алды.

Путин Сириядан орус аскер күчтөрүн чыгарып кетүү боюнча иштерди баштоого буйрук берди.

Орусиянын президенти буга чейин Сирияда бир жолу - 2010-жылы болгон.

2011-жылдын мартында башталып, ушул күнгө чейин толук аягына чыга элек жарандык согушта Москва Асаддын бийлигине колдоо көрсөтүп келатат.

Орусия 2015-жылдын күзүндө Сирияда аба чабуулдарын баштаган.

Ал эми 2016-жылы Путин Сириядан Орусиянын аскер контингентинин негизги бөлүгүн чыгарып кетүүнү буюрган.

Бир жума мурда орус армиясы Сириянын аймагы "Ислам мамлекети" террордук тобунан толугу менен бошотулганын жарыялаган.

Анткен менен айрым байкоочулар Сирияда согушкерлер жок кылынганын айтууга эрте экенин, орус тарап жеңишти биринчи жарыялоо менен өзүнө упай топтогусу келерин белгилешкен.

XS
SM
MD
LG