Ош шаарынын билим берүү мекемелеринде «Адабият жумалыгы» башталды. Иш-чара 12-декабрь - Кыргызстандын улуттук адабият күнүн утурлай шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
15-декабрга чейин улана турган иш-чарада Оштогу бардык билим берүү мекемелеринде эртең «Улуттук адабият күнү» белгиленет. Мындан тышкары мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланып жаткан балдар жана башталгыч класстар арасында аткаруучулук өнөр боюнча «Кыргыз эл жомоктору – балдардын аткаруусунда» аттуу сынактар өткөрүлөт.
Окуучулар арасында белгилүү акын Алыкул Осмоновдун жаркын элесине арналган адабий кечелер уюштурулат. Жумалык мектептердеги жолугушуулар, талкуулар, ачык сабактар менен коштолот.
Бир жума бою мектеп окуучулары үчүн шаардагы китепканаларга саякаттар уюштурулат.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында жарыкка келип, 2008-жылы 10-июнда көз жумган. Анын туулган күнү - 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабият күнү деп жарыяланган. Бул күнү кыргыздын дагы бир улуу акыны Алыкул Осмонов дүйнөдөн кайткан.