Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Тумандан улам Ош аэропортунда каттамдар артка жылды


Ош аэропорту.
Ош аэропорту.

Тумандан улам Ош аэропортунда бир нече каттамдардын убактысы артка жылды. Ош аэропортунан алынган маалыматка караганда, Ош-Бишкек каттамы саат 15.00гө белгиленди. Мындан тышкары Ош-Москва жана Ош-Үрүмчү багытындагы каттамдардын убактысы да алмашты.

Ал эми "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, Ош аба майданын бүгүн таңдан бери коюу туман басып турат. Туман учактарды жөнөтүүгө жана кабыл алууга мүмкүндүк бербей жатат.

Каттамдар аба ырайы жакшырып, туман тарагандан кийин калыбына келтирилет. Азыр Бишкек-Ош каттамы да убактылуу токтоп турат. (NT)

XS
SM
MD
LG