Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Казакстанда жер алдынан чыкпаган кенчилер 700гө чамалады


"Арселор Миттал Темиртау" ишканасынын Карагандыдагы кеңсеси.
"Арселор Миттал Темиртау" ишканасынын Карагандыдагы кеңсеси.

Карагандыдагы "Арселор Миттал Темиртау" компаниясынын сегиз шахтасында 684 киши иш таштаганын Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Тамара Дуйсенова ырастады.

Кечээ металлургиялык компания өзү жана Карагандыдагы жергиликтүү бийлик 200дөй гана адам иш таштаганын маалымдаган.

Кенчилер 11-декабрдын таңындагы нөөмөт алмашуудан кийин жер үстүнө чыгуудан баш тартышкан. Алар маянасын 100% көтөрүүнү, эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылып жатышат.

12-декабрда Астанадагы өкмөттүк жыйындан чыккан министр Дуйсенова кенчилер дайындаган өкүлдөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы жарыяланарын айтты.

Казакстандагы тоо-металлургия жаатындагы ири ишкана "Арселор Миттал Темиртау" индиялык миллиардер Лакшми Митталга таандык "Arcelor Mittal" компаниясынын курамына кирет.

XS
SM
MD
LG