Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:28

ИИМ: Сирияда согушуп келген кыргызстандык кармалды


Кара-Суу району. Терракт уюштурууга даярданып жүргөн айтылган эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүнөн табылган материалдар.

30-ноябрда милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусунун 21 жаштагы тургунун кармады. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ал "Жабхат-Ан-Нусра" деп аталган эл аралык террордук уюмдун мүчөсү. 2014-жылы Орусия аркылуу Түркияга, андан ары Сирияга барып диверсиялык-согуштук даярдыктан өтүп, куралдуу согуштарга катышып жүргөн.

Учурда Кылмыш кодексинин 299-2-беренеси ("Экстремисттик материалдарды алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу, экстремисттик атрибуттар менен символдорду атайлап колдонуу"), 375-берене ("Жалданма согушкерлик") боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам Ош шаарынын №5 тергөө абагына эки айга камалды. Анын башка шериктерин аныктоо аракеттери жүрүп жатат.

Расмий маалыматка таянсак, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар 500дөн ашат. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG