Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Бишкек Ташкентке төрт пансионатты бергени калды


Ысык-Көлдөгү "Рохат" пансионаты.
Ысык-Көлдөгү "Рохат" пансионаты.

Тийиштүү өкмөт аралык келишим Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып, колдоо тапты.

Кыргыз өкмөтү Өзбекстанга жаңы бийликтин келиши менен эл аралык алакалар оң тарапка оогондуктан буга чейинки талаштуу жагдайларды тынчтык жолу менен чечүүнү туура көрүүдө. Ал арада айрым депутаттар өкмөт чийки келишимди сунуш кылып жатканын айтышты.

Пансионаттар заманбап мейманканага айланат

Төрт пансионатты Өзбекстанга кайтарып берүүгө багытталган өкмөт аралык келишимге ылайык, Өзбекстан жакынкы жылдары эс алуучу жайлардын жанына эл аралык талаптагы мейманканаларды куруп, жылы бою адамдар эс ала турган жайга айлантышы керек. Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев мындан тышкары пансионаттарда иштеген жумушчулардын 80 пайызы кыргызстандыктар болушу керек экенин кошумчалады.

- Өзбек тарап мүлктү өз менчиги деп каттагандан кийин пансионаттарды 2-3 жылдыздуу мейманканаларга айлантышы керек. Ал жакта өзүбүздүн жарандар иштеши зарыл. Мындан башка талаштуу маселелерге да чекит коюлууга тийиш.

Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстанга караштуу “Золотые пески”, “Дилором”, “Бустон” жана “Рохат” пансионаттары былтыр апрель айында өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын менчигине алынган.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

Ошондогу келишимди жокко чыгарган мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев “Азаттыкка” билдиргендей, азыркы саясый кырдаал пансионаттарды Өзбекстанга берүүгө шарт түзөт. Бирок ал келишимде мүлк ээси Кыргызстан экенин так көрсөтүп, бардык шарттар ийне-жибине чейин келишимге камтылышы керек деген пикирде.

- Мен ойлойм, азыркыдай демилгеге барса болот. Ал үчүн келишимге пансионаттар биздин менчик экенин белгилеп, бир гана ижарага беришибиз керек. "Жер да, имарат да ижарага берилет" деп жазышыбыз керек. Ошондой эле келишимде алар кандай шартта иштей турганын, милдеттенмелерди шашпай жазышыбыз керек.

Жери биздики, мүлкү өзбектердики

Буга чейин расмий Ташкент Кыргызстандагы төрт пансионатты Өзбекстандын менчиги катары талашып, эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. Кыргыз өкмөтү пансионаттардын жери Кыргызстандыкы, мүлкү Өзбекстанга таандык деген шартка макул болууда.

Вице-премьер министр Дайыр Кенекеев билдиргендей, маселе тынчтык жолу менен чечилсе Өзбекстан эл аралык соттон өз арызын чакыртып алмакчы.

- Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандагы расмий иш сапарынын алкагында төрт пансионат боюнча макулдашуу болгон. Учурда Өзбекстан кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берген. Бул маселени калыбына келтириш үчүн кыргыз өкмөтү кырдаалды укуктук негизде жайгаруу боюнча сунуш киргизип жатат. Мындайча айтканда өзбек өкмөтү менен келишим түзгөнү жатабыз. Анда жер Кыргызстанга таандык болсо, ал жердеги пансионаттар Өзбекстандын менчиги болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөт келишим долбоорун шашылыш алып келип жатканын белгилеп, көптөгөн суроолор ачык калганын айтууда. Ал өзбек бийлиги пансионаттарды өз колуна алгандан кийин келишимде көрсөтүлгөн пункттарды аткарарынан күмөн санап жатат.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Алар пансионаттардын жанына эч кандай мейманканаларды салбайт. Ошол эле имаратты анча-мынча ремонт кылып коюп, "мына, төрт жылдыздуу мейманкана" деп айтып койсо, ким эмне дей алат? Ким алардын стандартын текшерет? Ал үчүн келишимге жазыш керек да. Өзбекстан пансионаттарды өз менчигине алганда эч ким аларды текшере албай калат.

Дастан Бекешев өкмөт аралык келишимде төрт пансионаттын буга чейин топтолгон карыздарын ким төлөй турганы жазылбаганын, ал гана эмес, келишимди денонсациялоо пункттары камтылбай калганын кошумчалап, келишимди колдоодо арсар позицияда калды. Анткен менен парламенттин тармактык комитетиндеги көпчүлүк долбоорду колдоду.

Өзбекстан колдонгон төрт пансионатты Кыргызстан өзүнө алат

Өзбекстан колдонгон төрт пансионатты Кыргызстан өзүнө алат

Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген пансионаттарды Кыргызстандын менчигине өткөрүп алуу тууралуу өкмөттүн токтому талкууга түштү.

13-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга расмий иш сапары менен бармакчы. Азырынча бул өкмөт аралык келишимге Ташкентте кол коюлар-коюлбасы белгисиз. Ошентсе да депутаттар бул өкмөт аралык келишимдин парламент комитетинен колдоо табышы эки өлкөнүн алакаларын дагы жакындатып, өз ара ишенимди жолго салат деп үмүт артууда.

Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген "Рохат-НБУ", “Алтын Кум”, “Дилором" жана “Бустон” пансионаттары өкмөттүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги буйругу менен Кыргызстандын карамагына өткөрүлгөн. Өкмөттүн бул чечими Аксыда Үңкүр-Тоого байланыштуу чатак чыккан маалга туш келген.

Саясат илимдеринин доктору, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов пансионаттарды кайра берүү Кыргызстандык эл аралык имиджине терс таасир көрсөтөрүн айтты. Бирок Бишкек бир жарым жыл мурун пансионаттарды өзүнө аларда шашып чечим чыгарганын, эл аралык сотто утулуп каларын түшүнүп, кыргыз тарап кайра артка кадам шилтегенин кошумчалады.

Аликбек Жекшенкулов менен маекти бул жерден угуңуз:

"Пансионаттар маселеси Кыргызстандын аброюн түшүрөт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:42 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG