Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:56

Орусияда кармалгандардын арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова “Азаттык” радиосуна билдирди.

Кечээ, 12-декабрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Жаңы жыл майрамы жана келерки президенттик шайлоо учурунда теракт кылууну пландаган экстремисттик топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген.

Ал кармалгандар борбор азиялыктар экенин жана жанкечти аркылуу террор жасамак болушканын белгилеген. Шектүүлөр 11-декабрда Москвага жакын жерден кармалган. Алардын санын атайын кызматтын жетекчиси тактаган жок.

Кыргызстандын ИИМинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев министрликке бул боюнча маалымат келбегенин “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Эгер кыргызстандыктар кармалса, алар маалымат беришет. Бирок мындай маалымат бизде жок.

Орусиянын коопсуздук кызматы адатта майрамдын же башка бир маанилүү окуялардын алдында теракттын алдын алганын кабарлап турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG