Парламент спикеринин орун басары болуп «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров шайланды.
Вице-спикерлик кызматка "Өнүгүү-Прогресс" Мирлан Бакировду, «Ата Мекен» Сайдулла Нышановду, «Республика – Ата Журт» Талант Мамытовду көрсөткөн.
Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 61 добуш менен Бакиров алдыга чыгып, Жогорку Кеӊештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
6-декабрда мурдагы вице-спикер Алтынай Өмүрбекова өз ыктыяры менен кызмат ордун тапшырганын жарыялаган. Ал «Республика – Ата Журт» фракциясынын мүчөсү. (NT)