Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Зилалиевдин артынан кайра чуу ээрчиди


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Мамлекеттик мүлк фонду анын жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев түшүп жүргөн унаа, анын аты аталган кылмыш иши тууралуу түшүндүрмө берди жана соңку дооматтарды жокко чыгарды.

Анын алдында айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Зилалиев кен казуучу кытай компаниясына таандык жолтандабаста жүргөнүн жазып чыгышты. Атайын кызмат болсо "президенттин инаугурациясында кортеж өтчү жолго бомба коюлду" деген жалган маалымат боюнча козголгон кылмыш ишинде Зилалиев боюнча көрсөтмө бар экенин кабарлады.

Жети жылдан бери жооптуу мамлекеттик кызматтарда жүргөн Зилалиев боюнча талаш-талкуу жараткан окуялар соңку учурда байма-бай катталып жатат.

Мамлекеттик мүлк фонду Дүйшөнбек Зилалиев тууралуу соңку маалыматтар негизсиз экенин билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Махабат Мансурова кытайлык компанияга таандык экени айтылган машине тууралуу Зилалиев кокусунан гана билип калганын айтты:

24-ноябрда жетекчинин айдоочусу жумушта эмес болчу, кызматтык унаа да жок эле. Ошондуктан жардамчы убактылуу айдоочулук кызматты аткарган.

- Ал "Лексусту" Мамлекеттик мүлк фондунун жардамчысы жеке иштерине колдонуу үчүн досунан убактылуу алган экен. 24-ноябрда жетекчинин айдоочусу жумушта эмес болчу, кызматтык унаа да жок эле. Ошондуктан жардамчы убактылуу айдоочулук кызматты аткарган. Белгилей кетүүчү жагдай - бул машине кытайлык компанияга таандык экенин фонддун төрагасы жалпыга маалымдоо каражаттарынан гана билди. Жардамчыга катуу кызматтык чара көрүлдү.

Ага чейин айрым маалымат каражаттары Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси түшүп жүргөн "1532" мамлекеттик номерлүү "Лексус-570" үлгүсүндөгү машине "Тун Лин" аттуу кен казуучу кытай компаниясына таандык экенин жазып чыгышкан.

Дүйшөнбек Зилалиев кен тармагын 2013-2017-жылдары башкарган. Ушундан улам "кен казган кытайлык компанияга таандык автоунааны жардамчысы убактылуу айдап турган, Зилалиевдин андан кабары жок болчу" деген түшүндүрмөгө ынабагандар да бар. Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартованын пикиринде, бул пара болуп эсептелет жана кылмыш иши козголуп, кылдат териштирилиши керек.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Зилалиев кен тармагын башкарып иштеп жатканда көп кендер кытайлыктарга берилген. Кылмыш ишин ачып, "кытайлык компаниялардын машинелерин кандайча эле биздин министрлер минип калат" деген маселе көтөрүш керек. Бул - пара. Белекпи же опузалап талап кылганбы, кандайча келип калды? "Жөн эле минип турган" дегени курулай сөз. "Көрсө бизде номер жасап алса болот экен, фирманын машинесин минип алса болот экен" дегенге көнүп баратабыз. Биз укуктук мамлекетпизби же жокпу? Бул сөзсүз түрдө катуу каралып, өз баасын алууга тийиш. Эгер берилбесе анда бийлик толугу менен коррупцияга малынганын көрсөтөт.

Премьер-министр Сапар Исаков жана анын аппараты Зилалиев боюнча комментарий бере элек.

Зилалиев түшкөн кытайлык компаниянын машинеси 24-ноябрда жаңы президенттин ант берген күнүндөгү кортеж өтчү көчөгө бомба коюлганы тууралуу маалыматты териштирүү учурунда ачыкка чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов кылмыш ишин териштирүүдө Зилалиевдин аты аталганын бышыктады:

УКМК. Иллюстрациялык сүрөт.
УКМК. Иллюстрациялык сүрөт.

- 2017-жылдын 24-ноябрында "Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишине жардыргыч зат коюлган" деген жалган маалымат түшкөн. Бул факты боюнча чогулган материалдардын негизинде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы 1-декабрда Кылмыш кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланып жатат. Ички иштер министрлигинин академиясынын курсантынын билдиргенине караганда, жардыруучу зат тууралуу маалымат берген адам Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Зилалиев болуп чыгып жатат. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тараптардын бардык маалыматтары текшерилүүдө.

Зилалиев буга чейин ЖМКга окуя боюнча комментарий берип жатып, маалыматты "карандай калп" деген. Кийинчерээк кортеж өтчү жолдо каз-катар тизилип турган курсанттардын арасындагы "бир кыздын кийген кийимине байланыштуу сын айтканын" эстеп, "ошондуктан ал кыз өч алып жатышы мүмкүн же каңырыш угуп алгандыр" деген жүйөсүн келтирген.

Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз катчысы Махабат Мансурова Зилалиев көрсөтмө бергенин ырастады:

- Кылмыш иши Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевге эмес, бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берилген факт боюнча козголду. Азыркы учурда бардык тараптардын көрсөтмөлөрү текшерилип жатат.

Кыргызстанда буга чейин да аткаминерлер кытай компанияларынын машинесин пайдаланып жүргөн учурлары болгон.

Замирбек Айдаров.
Замирбек Айдаров.

Былтыр октябрда ошол кездеги транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров кытайлык "Сhina Road and Bridge" компаниясына катталган “Лексус” үлгүсүндөгү унааны пайдаланып жүргөнү ачыкка чыккан. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште да сөз болгон. Айдаров ал машине өзүнө чейинки министрден калганын айтып, бул жосуну үчүн кечирим сураган жана аны кытайлык компанияга кайтарып бергени кабарланган.

Андан көп өтпөй эле, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге кытай элчилиги "Land Cruiser 200" үлгүсүндөгү жолтандабас тартуу кылганы коомчулукта кызуу талкууга алынган. Мэр бул белекти 5-октябрда шаардын күнүн белгилөө учурунда алганы маалым болгон. Мэрия болсо аны "эки элдин достугу үчүн мэрге эмес, жалпыга мэрияга берилген белек" деп түшүндүргөнгө аракет кылган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG