Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Кылыч чабышуу: Даанышман Жумабай уулу Чехиядан алтын медал тагынды


Даанышман Жумабай уулу ортодо. Прага, Чехия. 10-декабрь, 2017-жыл.
Даанышман Жумабай уулу ортодо. Прага, Чехия. 10-декабрь, 2017-жыл.

Кыргызстандык Даанышман Жумабай уулу Чехиянын Прага шаарында өткөн кылыч чабышуу (фехтование) боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болду. Спорттун бул түрү боюнча Кыргызстандын федерациясынын баш катчысы Айнура Темиралиеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, улуттук курама командалардын мүчөлөрү 3-декабрдан 9-декабрга чейин Чехиянын Прага шаарында окуу-машыгуу өткөрүшкөн. Машыгуу аяктагандан кийин команда мүчөлөрү ушул эле шаарда 9-,10-декабрда болгон “Дукла” аттуу IX эл аралык мелдешке катышкан.

Бул турнирге Европа өлкөлөрүнөн, Австралиядан, Түштүк Африка Республикасынан жана Кыргызстандан спортчулар катышкан. Байгелер чоңдор жана жаштар арасында ойнотулган. Чоңдор арасындагы мелдеште 117 спортчу таймашып, ал күчтүү атаандаштыкта өткөн. Жыйынтыгында эл аралык класстагы спорт чебери, кыргызстандык Даанышман Жумабай уулу алтын медал тагынды.

Бул мелдеште Кыргызстандын намысын төрт спортчу коргогон. Жаштар арасындагы таймаштардын жыйынтыгында кыргыз спортчуларынан 4-орунду Илим Бакытбек уулу, 5-орунду Камиля Абдыл-Хамитова, 10-орунду Меруерт Качкынбева ээледи. (ECh).

XS
SM
MD
LG