Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:49

Айтматовдун 90 жылдыгы Өзбекстанда белгиленет


Чыңгыз Айтматов
Чыңгыз Айтматов

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Өзбекстанда белгиленет. Буга байланыштуу даярдык көрүлөрүн өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолуккандан кийин билдирди.

“Айтматов дүйнөнүн жараны, Кыргызстандын сыймыгы, биз аны менен сыймыктанабыз” деген Мирзиёев, Өзбекстанда жазуучунун китебин окубаган үй жок экенин айтты.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында төрөлгөн. 2008-жылы 80 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган.

Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) Казакстандын Түркстан шаарында өткөн 35-жыйынында 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялаган.

Кыргызстанда жазуучунун 90-жылдык мааракесин өткорүүгө даярдык кызуу жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG