Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:24

Мьянмада "Reuters" агенттигинин эки журналисти камалды


13-декабрда Мьянма өкмөтү "Reuters" агенттигинин эки журналисти Ва Лоун жана Киав Со Оо полиция тарабынан камалганын билдирди. Журналисттер Ракин штатында рохинжа мусулмандарынын жергиликтүү аскерлер тарабынан куугунтукка алынышын иликтеген материал даярдап жүрүшкөн.

Мьянманын Маалымат министрлиги журналисттерге жана эки полиция кызматкерине "Мамлекеттик сыр жөнүндө" мыйзамга ылайык айып тагылганын, ага ылайык кармалгандар 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Быйыл август айынан бери Мьянмадан Бангладешке 650 миңдей рохинжа мусулман качып келген. Улуттар Уюмунун жана АКШнын расмий өкүлдөрү рохинжа мусулмандары туш болгон кырдаалды “этностук тазалоо” катары мүнөздөшкөн. Мьянманын аскердик жетекчилиги "жайкын тургандарды атайын бутага алды" деген дооматтарды четке кагып, Ракхай штатындагы коопсуздук операцияларына рохинжа мусулмандарынан чыккан жоочулардын чабуулдары себеп болгонун айтып келет.

Мьянманын 51 миллиондон ашуун калкынын 88% буддисттер, 6% христиандар, 4% мусулмандар, ал эми рохинжа мусулмандары өлкөдөгү 2,5 миллиондой мусулмандын жарымына жакынын түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG