Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 06:37

"Саясий туткундарга эркиндик" Сегизбаев менен Жолдубаеванын отставкасын талап кылды


Бишкектеги саясий акциялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте өлкөдөгү саясий абалды, адам укуктарын, саясий эркиндиктерди талкуулаган жарандык форум өттү. Анда УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу талабы коюлду.

"Саясий туткундарга эркиндик" деп аталган жарандык форумду "Саясий туткундарды коргоо комитети" жана "Сөз эркиндигин коргоо комитети" уюмдары биргеликте уюштурду.

Жыйында Кыргызстанда саясий негиздеги куугунтук жана журналисттерге кысым көрсөтүү бар экени айтылып, аларды токтотуу талабы коюлду. Катышуучулар президент, премьер-министр, парламент спикери, Жогорку соттун төрайымына жолдонгон кайрылуу кабыл алышты. Анда саясий негиз менен камакта отургандардын ишин кайра карап чыгып, алар боюнча адилет чечим чыгаруу чакырыгы жазылды.

Уюштуруучулар ушу тапта саясий негизде куугунтукка алынган жана камалган саясатчылар, активисттер, журналисттердин саны 30га жакындап калганын билдиришти.

Жарандык форумга абакта отурган бир катар саясатчылардын, активисттердин жакындары, коомдук, саясий ишмерлер, жарандык коом өкүлдөрү катышты.

Соңку жылдары сот өкүмү чыккан оппозициялык саясатчылар катарында "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, мүчөсү Аида Салянова, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов, "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Тойгонбек Калматов, Александр Гусев, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов бар.

Дагы бир "атамекенчи", депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту аяктап калды, кечээ ага прокурор сегиз жыл сурады.

Президенттик шайлоонун алдында "бийликти басып алууну максат кылган" деген шек менен кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев камакта. "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго да кылмыш иш козголгон, ал азыр Кыргызстанда эмес.

Соттолгон жана айыпталып жаткан саясатчылардын баары өзүлөрүнө карата козголгон кылмыш иштерди саясий куугунтук деп атап келе жатышат. Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук комитети ар бир иш боюнча далил жетиштүү экенин белгилеп келет.

Жарандык форумдагы бүгүнкү билдирүү жана талаптар боюнча бийлик өкүлдөрү азырынча расмий комментарий бере элек. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG