АКШ менен Орусиянын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путин бейшемби күнү телефондон сүйлөштү. Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө лидерлери эки тараптуу мамилени талкуулап, Түндүк Кореядагы өзөктүк курал маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Ак үй эки президенттин сүйлөшкөнүн ырастап, бирок анын мазмунун айткан жок.
Эки президенттин сүйлөшүүсү Владимир Путиндин жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынынан кийин болду. Путин Дональд Трамптын президенттик кызматка киришкендеги ишинин жыйынтыгын жогору баалаган жана Трамптын айланасындагы адамдар менен Кремлге жакын эсептелгендердин алдын-ала сүйлөшүп, кутум уюштурган деп боолголоонун өзү “тыңчылыкка барабар” экенин айткан. (КЕ)