Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:43

“Кыздарыбызды аздектейли” сынагы жыйынтыкталды


Оштогу этнофестиваль. Бийчи кыздар.
Оштогу этнофестиваль. Бийчи кыздар.

“Кыздарыбызды аздектейли” сынагынын алкагында социалдык тармактарда жүзгө жакын чыгарма жарыяланганын анын уюштуруучусу, “Жигер” чыгармачылык борборунун жетекчиси Улукбек Омокеев “Азаттык” радиосуна билдирди. Мунун ичинде ыр жана эсселер да бар.

Натыйжада калыстар тобу ыр сынагында Керимбек Эсеналы уулунун "Сакташ керек" ыры менен Жолболду Султанбек уулунун "Сый жоголду" ырын 1-орунга, Иманбек Азизилла уулунун "Кыздарыбыз карегибиз" ыры менен Акбар Жанышбековдун "Кечирим суроо" ырын 2-орунга, Келечек Кубатбек уулунун "Эжекем ай" ыры менен Кубаныч Кожомберди уулунун "Апам жана мен" ырын 3-орун деп тапты.

Эссе багыты боюнча Ныяз Ташматов менен Бекболсун Молдояр уулунун баяны 1-орунга чыкса, Нуристан Марат уулу менен Исмаил Мамытовдун чыгармасы 2-орунга татыган. Ал эми Акжол Дооронбек уулу менен Бекмурат Келдибаевдин эссеси бул багытта 3-орунду багындырган.

Эки багыт боюнча тең биринчи орунду ээлегендер 12 миң сом, экинчи орундар 8 миң сом, үчүнчү орундар 5 миң сомдон сыйлык алышты. Сынакка акындар Зинакан Пасаңова, Бактыгүл Чотурова, Жыпара Исабаева, Өктөм Калыева, Нарсулуу Гургубаевалар калыстык кылышкан.

Кыргыз кыздарын урматтап, сыйлоого жана коргоого арналган “Кыздарыбызды аздектейли” деп аталган ыр жана эсселер фейсбукта #Кыздарыбызды_аздектейли аттуу хештег менен жарыяланган.

Блогер жана акын Улукбек Омокеев билдиргендей, атын жарыялагысы келбеген ишкер өлкөдө жана чет жакта кыргызстандык кыздар кордолуп жаткандыктан улам ушундай сынакты өткөрүү идеясын сунуштап, өзү демөөрчү болгон. Ишкер сынактын байге фондуна 100 миң сом койгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG