Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:34

"Медиа полиси институту": элдин 67,7% смартфон көтөрөт


"Медиа полиси институту" өз иликтөөсүн жарыялоодо. 15-декабрь, 2017-жыл. Бишкек.

Кыргызстандагы "Медиа полиси институту" коомдук фонду бүгүн өлкө элинин медиа сабатынын деңгээлин, маалымат алуу булактарын баалоо боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Аны менен уюмдун директору Бегаим Үсөнова тааныштырды.

Социологиялык иликтөөнү "Медиа полиси институту" "Сорос Кыргызстан" фондунун буюртмасынын негизинде жүргүзгөн.

Иликтөө быйыл 1-сентябрдан 30-ноябрга чейин Кыргызстандын жети облусунда жана эки шаарында жүргүзүлүп, сурамжылоого жалпысынан 1200 киши катышкан. Ага негизинен 16 жаштан жогору кыргыз, орус, өзбек тилдүү жарандар тартылган.

Респонденттердин 94,5 пайызында телевизор, 67,7 пайызында смартфон, 40,5 пайызында жөнөкөй телефон, 23, 7 пайызында компьютер, 0,3 пайызында букридер бар экени белгилүү болду.

Маалыматка караганда, жөнөкөй телефон көтөргөндөрдүн көбү улгайган жарандар.

Буга чейин "M-Vector" консалтинг компаниясы Кыргызстандагы медиа-рынок боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Анда кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү маалыматты Интернет булактарынан алаары көрсөтүлгөн. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG