Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Ош-Бишкек жолундагы кырсык беш адамдын өмүрүн алды 


Окуя болгон жерден сүрөт
Окуя болгон жерден сүрөт

16-декабрь күнү саат 18:30 чамасында Бишкек-Ош автожолунун 299-чакырымында "Хундай Гетз" жана "Хонда Степвагон" автоунаалары кагышып, натыйжада жол кырсыгынан беш адам каза болду.

Облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, "Хундай Гетз" автоунаасынан үч, "Хонда Степвагондон" эки киши өлгөн.

Мындан сырткары беш адам Токтогул райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилди. Окуя болгон жерде милиция иш алып барып, каза болгондордун тек-жайы такталууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, "Хонда Степвагон" автомашинасы Бишкек шаарынан Аксы районуна, ал эми "Хундай Гетз" автомашинасы Үч-Терек айылынан Токтогулду көздөй бара жаткан. (RsK)

XS
SM
MD
LG