Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Кабулда аскерлер менен жоочулардын кармашы тутанды


Кабул.
Кабул.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги Кабулда согушкерлер чалгындоо кызматынын машыгуу борборунун жанындагы курулушка чабуул коюшканын кабарлады. Маалыматка караганда, алар борборду аткылашкандан кийин коопсуздук аскерлери менен жоочулар ортосунда кармаш тутанган. Чабуулга канча согушкер катышканы жана артында ким турганы белгисиз. Канча киши набыт кеткени же жараланганы да айтыла элек.

Ооган баш калаасында буга чейин "Талибан" жана "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму бир нече кол салууларды ишке ашырган. 2014-жылы Батыш өз аскерлеринин басымдуу бөлүгүн Ооганстандан чыгаргандан бери теракттар көбөйдү. Кечээ талип согушкерлери Гилменд чөлкөмүндө эки текшерүү пунктуна кол салып, 11 полициячы окко учту.

XS
SM
MD
LG