Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Өмүрканов КТРКнын Байкоочу кеңешинен чыгуу тууралуу арыз жазды


Анатай Өмүрканов.
Анатай Өмүрканов.

Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамынан чыгуу тууралуу арыз жазганын “Азаттыкка” ырастады. Ал муну кеңеште иштегиси келбегени менен түшүндүрдү.

Анатай Өмүрканов бул кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көрсөтүлгөн болчу. Бир айча мурдараак Өмүрканов ошо кезде президент болуп турган Атамбаевдин таластыктар тууралуу сөзүн ыр менен сынга алып чыккан. Арызды ошондон кийин жазган.

Ал эми КТРКнын Байкоочу кеңешинин башка бир мүчөсү Азамат Болгонбаев кеңешке арыз түшкөнүн ырастап, бирок мүчөлүктөн чыгаруу маселесин Жогорку Кеңеш чечерин билдирди.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин азыркы курамын Жогорку Кеӊеш 26-апрелде бекиткен. Президент көрсөткөн Нурия Айдабосунова, Жыпар Жекшеев, Анатай Өмүрканов, Талант Султанов, Игорь Шестаков, Жогорку Кеңеш тарабынан көрсөтүлгөн Айнура Аскарова, Жылдыз Бакашева, Кубат Болотканов, Чолпон Турдалиева, Жылдыз Ниязова, ал эми жарандык коомдон Азамат Болгонбаев, Айгүл Жунушалиева, Айбек Карымов, Анаш Кадырова, Калыбек Тайтекеев шайланган. КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 кишиден турат, ал беш жылдык мөөнөткө дайындалат. (ErN)

XS
SM
MD
LG