Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Песков: АКШ чалгынчыларынын маалыматы өмүрлөрдү сактап калууга жардам берди


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Орус президентинин басма сөз катчысы АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын маалыматы көптөгөн өмүрлөрдү сактап калууга жардам бергенин билдирди.

- Атайын кызматтардын ортосунда кез-кези менен байланыштар ишке ашып келет. Бирок бул жолу көптөгөн өмүрлөрдү сактап калууга жардамдашкан өтө натыйжалуу маалымат берилди.

Дмитрий Песковдун айтымында, Санкт-Петербург шаарында ири теракт даярдалып жаткандыгы тууралуу эскертүү АКШ менен Орусиянын кызматташтыгынын жакшы үлгүсү болуп бере алат.

Анын алдында Кремль Путин Трампка телефон чалып рахмат айтканын кабарлаган. Маалыматтарга караганда, америкалык чалгынчылар Орусиянын атайын кызматтарына террорчулар Петербургдагы Казан чиркөөсүнө жана башка жерлерге кол салууну көздөп жатышканы жөнүндө маалымат беришкен. Эки лидер "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы аракеттерди көбүрөөк координациялап туруу зарыл экенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG