Линктер

дүйшөмбү, 23-апрель, 2018 Бишкек убактысы 23:37

Орусия аннексиялап алган Крымдын Жогорку Соту журналист Николай Семенанын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Симферопол шаардык соту журналист Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган деп 2,5 жылга шарттуу кескен.

Кылмыш иши Семенанын макаласы “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун "Крым.Реалии" долбоорунун сайтында жарык көргөндөн кийин козголгон. Анда журналист 2015-жылы украин улутчулдарынын жарым аралды энергетикалык блокадага алуусун оң баалаган. Тергөөчүлөр муну сепаратизм катары сыпаттаган.

Сот процесси жарым жылга созулду. Судья адвокаттардын бардык жүйөлөрүн, анын ичинде журналистти соттун уруксатысыз аңдуу учурунда алынган далилдерди пайдаланбоо чакырыгын көз жаздымда калтырды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Том Кент журналисттин ишин Крымдагы көз карандысыз аваздарды басуу аракети деп атап, өкүм жокко чыгарылууга тийиш деп билдирди.

XS
SM
MD
LG