Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага байланыштуу ишти карай баштады. Айыпталуучу жана адвокаттар эки соттун "ооруп калды" деген жүйө менен башка судьяларга алмашканына каршы болушту. Алар судья ооруп калса соттук процесс жылышы керек экенин белгилешип, мында саясий мотив бар экенин айтышууда. Ушундан улам алар соттук коллегиянын төрайымы Ирина Воронцовага ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Соттук коллегия бул өтүнүчтү канааттандырган жок.
10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Өкүмгө ылайык, Аида Салянова жазасын кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт. Салянованын кызы азыр үчкө чыга элек.
Мындай өкүмгө макул болбогон Салянова доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна 19-октябрда кайрылган.
Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул иш саясий буюртма экенин белгилеп жүрөт. (SDz/КЕ)