Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 03:40

Орусиянын мамлекеттик RT ("Russia Today") телекомпаниясы француз тилинде иш алып барган каналын ачты. 20 миллион евролук бюджети бар телеканалдын ачылышы 18-декабрда Париждин батышындагы студияда болду. Бул RT компаниясынын эң дымактуу долбоорлорунун бири катары каралууда.

RT каналы буга чейин эле өзүнүн интернет-сайты жана "YouTube" видео порталындагы баракчасы аркылуу французча берүүлөрдү таркатып келген.

Анлисче, испанча, арабча телеканалдары бар RT каналы АКШ, Франция сыяктуу бир катар Батыш өлкөлөрүндө Кремлдин үгүтүн жайылткан медиа каражаты каралып келет. Француз президенти Эммануэл Макрон "бурмаланган маалыматтарды таратат" деп Кремл каржылаган бул телеканалды сындаган.

XS
SM
MD
LG