Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 10:17

Шыкмаматов сотто акыркы сөзүн сүйлөдү


Алмамбет Шыкмаматовдун соту. 19-декабрь, 2017-жыл.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн акыркы сөзүн сүйлөдү.

Эл өкүлү өзүнө козголгон кылмыш иши саясий негизде экенин айтып, буга чейинки бийликтер да оппоненттерине каршы ушундай эле кадамдарды жасаганын билдирди.

- Мурунку бийликтин тушунда камалган саясатчылардын баары акталды. Алар демократия үчүн күрөшкөн. Алар сөз эркиндигин чектебөөнү суранышкан. Алар Кыргызстан дүйнөгө демократиялуу өлкө экенин жарыялаганын, эл аралык документтерге кол койгонун айтышкан.

Шыкмаматов мурунку бийликтин тушунда саясий куугунтукка кабылгандардын арасында экс-президент Алмазбек Атамбаев да болгонун эске салды. Ал саясий оппоненттерди кысмакка алгандар кийин өздөрү уят болушканын кошумчалады.

Отурумда Шыкмаматовдун ишине тиешеси бар экени айтылган башка айыпталуучулар да акыркы сөз сүйлөп жатышат. Баары күнөөсүз экенин белгилешүүдө.

Эреже боюнча, айыпталуучунун акыркы сөзүнөн кийин сот чечим чыгарат. Прокуратура Шыкмаматовду сегиз жылга камап, мүлкүн конфискациялоону сураган.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон.

Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп өз аялына таандык "Мерседес-Бенц" Е320 автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканы" айтылат. Германиялык жаран Али Юксел жетектеген "Барат Юкс" ишканасы Эсеп палатасына кызматтык унаа сатуу үчүн тендерге катышкан. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG