Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Режиссер аялдардын II кинофоруму өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 22-23-декабрь күндөрү режиссер аялдардын II кинофоруму өтөт. Биринчи күнү коомдук ишмерлер менен режиссерлордун жолугушуусу болот. Эртеси режиссер аялдардын тасмалары көрсөтүлүп, талкууланат.

Форумду уюштурууга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана ишкер Эмир Сарпашев колдоо көрсөтүүдө.

Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө болот. Кирүү акысыз.

Режиссер аялдардын I кинофоруму 2016-жылы уюштурулган. Максаты - чыгармачылык менен алектенген аялдарга көмөктөшүү, алардын эмгегин коомго алып чыгуу. Ошондой эле ал аялдардын укугуна, гендердик маселелерге көңүл бурууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG