Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 08:06

Москва Дүйшөмбүгө аскердик техника берди


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо.

Орусия Тажикстандын куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жабдыктардын кезектеги бөлүгүн берди. Бул тууралуу Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фаридун Махмадализода "Азаттыктын" тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, аскердик техниканы өткөрүп берүү иш-чарасы шейшембиде Тажикстандын Вахдат аскердик бөлүгүндө болуп өттү.

Орусиянын Коргоо министрлиги тажик тарапка Т-72Б1, БТР-80, БТР-70, БМП-2 үлгүсүндөгү танктар менен бронетранспортёрлорду, Ми-24 жана Ми-8 тик учактарын, мындан тышкары артиллериялык куралдарды жана башка аскердик жабдыктарды берген.

Былтыр 30-ноябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу тажик кесиптеши Шерали Мирзо менен Москвада жолугуп, анда Орусия Тажикстанга аскердик техникаларды, тик учактарды бере турганы кабарланган. Шойгу бул чечимди Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун түштүктөгү чек арасында коопсуздукту бекемдөө зарылчылыгы менен түшүндүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG