Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

"Азаттык" радиосунун казак кызматынын веб-редактору көз жумду


Рахат Мамырбек.
Рахат Мамырбек.

"Азаттык" радиосунун казак кызматынын веб-редактору Рахат Мамырбек 20-декабрда эртең менен оорудан улам көз жумду. Ал дүйшөмбү күнү өзүн жаман сезип, Алматыдагы ооруканага жаткырылган эле.

Рахат Мамырбек "Азаттыктын" Алматыдагы бюросунда эмгектенип, казакча сайтка редакторлук кылган. Андан тышкары, "AzattyqLIVE" видеодолбоорунда алып баруучулук менен алектенген. "Эркин сөз" долбоорунун автору жана алып баруучусу болгон.

"Азаттык" менен 2012-жылдан бери кызматташып келаткан эле. Ага чейин бир катар телеканалдарда иштеген.

"Азаттык" радиосунун кыргыз кызматы маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. (SE)

XS
SM
MD
LG