Линктер

шейшемби, 16-январь, 2018 Бишкек убактысы 13:49

Түркияда полициянын ур-токмогуна кабылган кыргызстандык Ранохан Арипова дарыланган соң Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрилги кабарлады. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги окуядан кийин Арипова менен тыгыз байланышта болгон. Ошондой эле Стамбулдагы башкы консулдук кыргызстандык кызга кол көтөргөн полиция кызматкеринин жоопкерчиликке тартылышы боюнча сот органдары менен иш алып барууда.

4-октябрда Түркиянын социалдык түйүндөрүндө Анталиянын Алания аймагында эки полиция кызматкери жерде жаткан аялды сабап жатканы тартылган тасма тарап, катуу талкуу жараткан. Түрк полициясы окуянын чоо-жайын териштирип, иш сотко өтүп, жабык каралган. 40 жаштагы аял кыргызстандык экени, психикалык жактан жабыркап жүргөнү айтылган. Ушул окуядан кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Түркиядагы кыргыз дипломаттарынын ишин сынга алышкан.

Арипова учурда туугандарынын жанында.

Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 19 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенишет. Анталия аймагында эле бейрасмий түрдө 6000ден ашык кыргызстандык жашайт. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG