"Пирамида" телеканалына Аскат Алагөзов директор болуп дайындалды. Тийиштүү чечим 20-декабрда чыкканын Алагөзов "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал буга чейин ушул эле каналда жетекчинин орун басары болуп иштеп келген.
Каналдын мурдагы башчысы Нурзада Токтогулова кызматтан кетүү боюнча 18-декабрда арыз жазган. Бирок анын себебин коомчулукка жарыялоону каалабай турганын билдирген.
Каналга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат.
Кыргызстанда туңгуч эркин телеканал катары таанылган "Пирамида" мурдагы бийликтердин тушунда колдон-колго өтүп, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин улутташтырылган.
2016-жылдын февралында ал парламенттин, башка бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат тарата турган телеканал болгон. (SE)