Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйыны техникалык себептерден улам болбой калды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна парламенттин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев кабарлады.
- Сервер күйүп кетип, ошонун айынан жыйын болбой калды. Запаста турганын туташтырганча убакыт өтүп кетти, - деди ал.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны шаршемби жана бейшемби күнү өтөт. Бүгүн “Жөлөкпул жөнүндө” мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча өкмөттүн сунушу каралмак. (КЕ)