Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 02:10

АКШ БУУну ракеталарга байланышкан иштери үчүн Иранды жазалоого чакырды


АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Вашингтондогу басма сөз жыйынында Иран Йемендеги хусит козголоңчуларына бергени айтылган ракетанын бөлүгүн көргөзүүдө. 14-декабрь, 2017-жыл.

АКШнын БУУдагы элчиси Коопсуздук кеңешинде ушундай сунуш киргизип, Иранды БУУнун курал эмбаргосун “коркунучтуу түрдө бузганы”, “туруктуулука каршы келген жүрүм-туруму” үчүн жазалоого үндөдү.

Никки Хейли Коопсуздук кеңештин 19-декабрдагы олтурумунда сүйлөгөн учурунда Йемендеги хусит согушкерлеринин бир күн мурда Сауд Аравиясын карай кайрадан баллистикалык ракета атканын эске салып, муну “кызыл сирена” деп баалады.

Саудия падыша Салмандын сарайын карай багытталган ракета атып түшүрүлгөнүн билдирип, Йемендеги козголоңчуларды мындай курал менен жабдып жатканы үчүн Иранды айыптаган.

Иран өз кезегинде Йемендеги шийит тайпасы болгон хуситтерге курал бергени тууралуу өзүнө каршы дооматтарды четке кагып жүрөт.

Сауд Аравиясы баштаган коалиция болсо бул өлкөдөгү жарандык согушта өкмөттү колдоп, хуситтерге каршы абадан сокку уруп келет.

Өткөн аптада Вашингтон аймагындагы аскердик кампада өткөрүлгөн атайын маалымат жыйынында Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейли жана аскер өкүлдөрү журналисттерге "Иран Йемендеги хусит козголоңчуларына берген" деген ракеталардын сыныктарын көргөзүшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG