Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешине барды


Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Президенттик аппарттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Сагынбаев буга чейин өкмөттүн аппаратында коргонуу, тартип коргоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн жетектеген.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык Адылбек Курбанов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

18-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев кызматтан алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG