Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Мадумаров: Президенттик башкарууга өтүш үчүн кол топтойбуз


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Бүгүнкү маалымат жыйынында “Бүтүн Кыргызстан" партиясынын башчысы жана “Мен макул эмесмин” кыймылынын негиздөөчүсү Адахан Мадумаров президенттик башкарууга өтүш үчүн референдум өткөрүүгө кол топтой турганын билдирди. Анын айтымында, топтолгон колдор 300 миңге жеткенде бийликке талап коюлат.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын башчысы, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо үчүнчү орун алган Адахан Мадумаров шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтып чыккан. Анын бир себеби катары Орусиядагы оң миңдеген кыргыз мигранттары шайлоодо добуш бере албай калганын атаган.

Мадумаров Кыргызстанга күчтүү президенттик башкаруу зарыл экенин айтып жүрөт. Буга чейин Мадумаров ноябрь айында “Мен макул эмесмин” деген ураандын алдында Орусиянын бир катар шаарларындагы кыргызстандыктар менен жолугушууларды уюштурган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG