Бул тууралуу 24-декабрдагы митингдин уюштуруучуларынын бири, оппозициячыл саясатчы Илья Яшин “Фейсбуктагы” барагы аркылуу кабарлады.
Яшин сот чечимди абдан тез чыгарганын, анын саясий жүйөсү бар экенин, сотко Москва шаарынын жетекчилигинин таасири болгонун белгиледи.
Яшиндин айтымында, алар 24-декабрда Москванын Лермонтов паркында “Эркин шайлоо күнү” деген иш-чара өткөрмөкчү болушкан.
24-декабрда Орусиянын 20 шаарында демонстрация өткөрүүнү оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциячыл активист Алексей Навальныйдын жактоочулары да пландашууда.
Навальный өзү келерки жылдын 18-мартындагы президенттик шайлоого катышууга былтыр декабрдан берип даярдык көрүп жатат.
Бирок Орусиянын БШКсы анын соттуулугу жоюлбагандыктан шайлоого катыша албасын билдирген.
Навальный болсо ага каршы сот чечимдеринин саясий жүйөсү бар экенин айтып келет.
Орусияда президенттик шайлоо өнөктүгү расмий эки күн мурда башталды. Алдыдагы шайлоого катышарын президент Путин да жарыялаган. (UE)