Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:58

Еврокомиссия Брексит боюнча өткөөл учурду бекитти


Британиянын Евробиримдиктен чыккандан кийинки өткөөл учуру 2020-жылдын аягына чейин узартылат. Бул тууралуу Еврокомиссия 20-декабрда бекиткен документтерде айтылган.

Өткөөл мезгилдин башы 2019-жылдын март айына белгиленген. Ал убакта Британия Евробиримдиктен чыгат. Лондондун жаңы шарттарга көнүшүнө 21 ай берилет. Бул убакыт ичинде Британия Евробиримдиктин ички базарына жана Европанын бажы биримдигине мүчөлүгүн сактап турат. Бул британиялык жана европалык компаниялардын ишкерлик планына жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет.

15-декабрда Евробиримдиктеги өлкөлөр Британиянын союздан чыгышы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы этабын колдошкон. Анда Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн Британияда жашаган жарандарынын укугу, Лондондун каржылык милдеттери жана Ирландия Республикасы менен Түндүк Ирландиянын чек ара статусу тууралуу Лондон менен Брюсселдин бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана ишке ашып отурат.

XS
SM
MD
LG