Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Каталонияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Барселонада добуш берүүгө кезекке тургандар.
Барселонада добуш берүүгө кезекке тургандар.

Испаниянын Каталония автономиясында кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат.

Буга чейинки парламент чакырылышында эгемендикти жактагандар көпчүлүк болчу. Алдын-ала сурамжылоолорго караганда азыркы шайлоодо Испания менен бирге калууну жактаган оңчул-борборчул "Жарандар" партиясы алдыда баратат.

Жеңип келген саясий күч автономиянын өкмөтү - Женералитетти, анын башчысы президентти тандайт.

Бул шайлоо Мадрид автономияны убактылуу токтотуп, түз башкаруу киргизгенден кийин дайындалган. Ага Каталониянын бийлиги Испаниядан көз каранды эместигин жарыялаганы себеп болгон. 1-октябрда бул автономияда референдум өтүп, көпчүлүк Испаниядан бөлүнүүнү жактаган. Мадрид "конституцияга каршы келет" деп, аны тааныган эмес.

Түз башкаруу киргизилгенден кийин автономиянын жиктелүүнү каалаган президент Карлес Пучдемон баштаган 13 лидерине айып тагылып, көбү учурда камакта.

XS
SM
MD
LG