Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:43

Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдын күчүнө киришин үч айга жылдыруу тууралуу маселени карады.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова баяндама жасап, мыйзам күчүнө киргенден тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 30 миңге жакын балдар 2018-жылдын ичинде жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыгып каларын билдирди. Ошондуктан ал мыйзамдын ченемдерин кошумча изилдөө зарылдыгы келип чыкканына токтолду.

Эл өкүлү Рыскелди Момбеков мыйзам кабыл алынып, талкуу болуп жатканда Каржы министрлигинин оң баа бергенин сынга алды. Депутат Кенжебек Бокоев бул шайлоо алдындагы оюндардын бири болгонун, мыйзам күчүнө кирсе өкмөт акча таба албай турганын белгиледи.

Жаңы мыйзам боюнча 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан ашык баласы бар үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпул дайындоо шартталган. Мында 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы үчтөн аз балдары бар үй-бүлөлөр жөлөкпул алуу укугунан ажырап калууда.

Демилгечи депутат Аида Касымалиева буга чейин “Азаттык” менен болгон маегинде "өкмөт жүйөөлүү себептерди айткан жок" деп сынаган.

- Азыркы иштеп жаткан мыйзам өтө коррупциялашкан. Аны менен биз туңгуюкка кептелип калганбыз. Өлкөнүн социалдык тармагы кризиске кептелип калгандыктан, андан чыгуунун жолун сунуш кылганбыз. Өкмөт аны артка кайтаруу боюнча жүйөлүү себеп айткан жок.

Жыйынтыгында “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Буга ар бир төрөлгөн балага сүйүнчү акча берүү жобосу кирбейт. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG