Линктер

бейшемби, 18-январь, 2018 Бишкек убактысы 07:32

Хужандда "Салафия" кыймылынын үч жактоочусу беш жылга эркинен ажыратылды. Алар экстремисттик ишмердүүлүк уюштуруу боюнча күнөөлүү деп табылды.

Салафизм идеясын жактабай, бирок мечиттерде бөтөнчө намазга жыгылган адамдар тууралуу укук коргоо органдарына маалымат бербегени үчүн үч киши алты айдан абакка кесилди.

Соттолгондор диний билимге ээ болгон эмес, "Салафия" кыймылына Интернет аркылуу киришкен. Алардын бири социалдык түйүндөрдө “Юганск муфтийи” деген ник менен белгилүү болгон.

Маалыматтарга караганда, соттолгондордун бири, 37 жаштагы Мухиддин Мирзоев башкаларды тыюу салынган агымдын катарына тарткан. Ал орто билимге ээ, автоунаа оңдоп иштеген. Салафизм идеясына 2011-жылы эле Сауд Арабиясында жашаган агасынын таасири менен "WhatsApp" мессенжери аркылуу тартылган.

Тажикстандын Жогорку соту "Салафия" кыймылын 2009-жылы экстремисттик деп таап, өлкөдө анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG