Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

ӨКМ: үй чатагын атайын түзүлгөн комиссия иликтейт


Жаңы салынып жатан курулуш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жаңы салынып жатан курулуш. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен прапорщик Назим Муканбетовдун үй боюнча арызын атайын түзүлгөн комиссия иликтеп чыкмай болду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

20-декабрда "24.kg" агенттиги Бишкектин өрткө каршы кызматында иштеген Назим Муканбетовго Туңгуч кичирайонундагы аскер адамдарына салынган үйдөн бир бөлмөлүү батир берилгенин, бирок министрдин орун басары Калыс Ахматов ага "жаш экенсиң" деп айтып, үйдү башка кызматкерге тапшырганын жазган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин турак жай бөлүштүрүү комиссиясынын төрайымы Күлнар Ибраимова прапорщик Муканбетовдун койгон дооматы негизсиз экенин айтып, аны жалган жалаа катары баалаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн Бишкекте биринчи жолу көп кабаттуу үй курулуп, быйыл 30-июнда батирлердин ачкычтары кызматкерлерге тапшырылган болчу. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев катышкан. Батирлер министрликте иштеген жүздөн ашуун кызматкерлерге берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG