Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Текебаевдин жактоочулары эл аралык сотко кайрылганы калды


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары аны актоо өтүнүчү менен БУУнун адам укуктары боюнча комитетине жана эл аралык сотторго кайрылууга даярдана башташты. Адвокат Чынара Жакупбекованын “Азаттыкка” айтканы боюнча азыр кылмыш иши англис тилине которулуп жатат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "Орусиянын жаранынан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган.

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү боюнча чечим чыгарган. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. 21-ноябрда Жогорку соттун коллегиясы шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Октябрдын ортосунда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка жаза өтөөгө жиберилген. 2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Анткен менен саясатчылар сот чечимдери саясий буйрук экенин, өздөрү ак экенин айтып келишет. (UEz)

XS
SM
MD
LG