Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:32

Алайда жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Алай районунун аймагында 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталганын маалымады.

Жер титирөө бүгүн таңкы саат үчтө болгон. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу болгон Ош облусунун Алай районунун аймагында анын күчү 5,3 баллга жетсе, Бор-Дөбө, Нура, Икизяк, Иркештам айылдарында 4 балл, Кара-Киндик айылында - 3,5 балл жана Арча-Булак, Сары-Таш айылдарында - үч балл сезилген.

ӨКМ билдиргендей, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG